Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого карата БШК бюллетендин текстин жана формасын 10-февралга чейин бекитет

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого карата БШК бюллетендин текстин жана

формасын 10-февралга чейин бекитет. Ал эми бюллетендер 22-февралга чейин даяр болот.

БШКдан билдиришкендей, анда талапкерлердин аты-жөнү, чүчүкулактан кийинки жайгашкан

номуру жана “барына каршы” графасы жайгаштырылат. Ал эми бюллетень даяр болгон күн

22-февралга чейин жарыштан баш тарткан талапкерге 100 миң сомдук күрөө акысы

кайтарылат. Свердлов жана Биринчи май окуругдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт.