Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Бүгүн, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Төраганын кызмат ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерликти өз каалоосу менен өткөрүп берген.