Сидней университетинин окумуштуулары эмгектин натыйжалуулугун жогорулатуунун жаңы жолун аташты. Алар изилдөөдөн кийин адам жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн мезгил-мезгили менен жумуштан алагды болушу керек деген жыйынтыкка келишкен.
Бирок бул учурда социалдык тармактарда убакыт өткөрүү эс алуу деп эсептелбейт. Мээни эс алдыруу үчүн компьютерден же гаджеттен алыс болуу керек, — деп айтылат маалыматта.