Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу башталды

Кесиптик орто окуу жайларына тапшыруу башталды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру жүрүүдө.

 

Жараян “Абитуриент онлайн” электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди тапшыруу боюнча толук маалыматтар Билим берүү министрлигинин сайтында жеткиликтүү.