Ооруканаларда орундарды “брондоп” жаткан башкы дарыгерлер жазаланат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, мындай жетекчилер кызматынан алынып, административдик жоопкерчиликке тартылат. Ал эми №1 шаардык ооруканада орундар тааныштарга брондолгон деген маалымат боюнча ички териштирүү жүрүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы бүгүн белгилүү болот.