Опера жана балет театры күзгө чейин ачык асман алдында концерт коет

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жамааты 31-августка чейин ачык асман алдында концерттерди уюштурат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

 

Июль жана август айларында шаар тургундары жана коноктору үчүн опера солисттерининь аткаруусунда дүйнөлүк жана улуттук классика жаңырат. Балет бийчилери классикалык жана заманбап хореографиялык номерлерди тартуулашат.

 

Концерттер саат 19:30да башталат.