Кыргызстандык “Шамбала” тасмасы Казаньда өтө турган кинофестивалда тартууланат.
Аталган программага чет элдик режиссёрлордун 5 тасмасы кирген. Казань кинофестивалы 5-10-сентябрь күндөрү Татарстан Республикасында өтөт.
Эске салсак, Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде тартылган.