Бишкекте газ койдурууга жеңилдетилген насыя бериле баштайт

Бишкекте газ койдурууга жеңилдетилген насыя бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Маалыматка ылайык, «Газпром Кыргызстан» ишканасы жергиликтүү банктардын бири менен «Газдаштыруу» деп аталган программа иштеп чыкты. Ага ылайык, газ койдурууну каалагандар 150 миң сомго чейин төмөнкү пайыз менен күрөөсүз, кепилдиксиз жана баштапкы төлөмү жок насыя ала алышат.