Ордо калаа мэриясы Фучик көчөсүндө оорукана куруу ниетинде. Жаңы стационар кыргыз-түрк ынтымагы клиникасынын артында орун алат. Аны курууга каражат шаар бюджетинен алынат.
Учурда медициналык жайдын курулушу боюнча план иштелип чыгууда. Иштер ушул жылы башталат деп пландалып жатат.