Ордо калаада ысык сууну өчүрүү күнү ушул жумада аныкталат. Бизге муниципалитеттен билдиришкендей, мэр адистер менен кеңешме өткөргөндөн кийин так датаны белгилейт.
Азырынча болжолдуу түрдө 16-майда ысык суу берүү токтотулат деп айтылууда. Белгилеп кетсек, жыл сайын жаздын үчүнчү айында Бишкекте ысык суу 1 айга өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында адистер оңдоо жана кышкы сезонго даярдык көрүү иштерин жүргүзөт.