Ордо калаадагы арктикалык суук туура бир жума кармалат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн башталган кар эртең кечкиге чейин дээрлик токтобой жаайт.
Андан кийин жаан-чачын күтүлбөйт, бирок катуу суук болот. Бүгүн шаарда нөл градустун тегерегинде болсо, эртең -10, бейшембиде -17 градус болушу күтүлүүдө. Бул күндүзгү аба табы, ал эми түнкүсүн термометр мамычалары -22 градусту көрсөтөт.
Мындай аба-ырайы 17-январга чейин созулуп, 18инен тарта бир аз жылып баштайт.