Ордо калаанын айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат алтыга чейин
Бөкөнбаев, Раззаков, Тыныстанов, Чокморов, Чуйков, бульвар Эркиндик, Юнусалиев,
Скрябин, Жибек Жолу, Лермонтов, Ала-Бука, Кайназарова, Чүй жана Профессор Зима
көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Ак-Өргө, Чоң-Арык, Кара-Жыгач, Көк-Жар жана Ак-Босого
конуштарында электр энергиясы өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.