Бишкекти КМШ саммитине карата даярдоого 500 миллион сом жумшалды

Бишкекти КМШ саммитине карата даярдоого 500 миллион сом жумшалды.

 

Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров жарыялады. Анын айтымында, иш-чараны өткөрүүгө каражат жергиликтүү бюджетте башында эле каралган.

 

Акча шаар көчөлөрүн иретке келтирүүгө, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине багытталды, — деди мэр. Эске салсак, КМШ өлкө башчыларынын саммити Бишкекте 12-13-октябрда өтөт.