Нарында 104 жаштагы апа паспортун алмаштырды. Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Кочкордо жаңы ачылган калкты тейлөө борборунун кызматкерлери 1916-жылы төрөлгөн Шамшия Шалпыкованын 1994-жылкы үлгүдөгү көк паспортун ID-картага алмаштырды.
Анын жаш курагы эске алынып, кызматтар акысыз көрсөтүлдү.