Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Жакынкы 1 саат аралыгында Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Куткаруучулар жарандарды сак болууга чакырып, унааларды бак-дарактардын, курулуштардын алдына токтотпоону сунуштайт.