Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады

Музей кызматкерлеринин айлыгы 80 пайызга жогорулады. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул максатта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15,5 миллион сом каралган.

 

Ошондой эле маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акы 80 пайызга көтөрүлөт, — дешти өкмөт аппаратынан.