Оренбургдагы кыргыз мигранттардын маселеси жакынкы арада чечилет

Оренбургдагы кыргыз мигранттардын маселеси жакынкы арада чечилет. Биздин өлкөнүн Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ишендиргендей, учурда ара жолдо калган кыргызстандыктарды мекенине өткөрүү боюнча казак, орус бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

Россия бийлиги орус-казак чек арасына чейин бекер ташып барат. Анда ары кыргызстандыктар автобусттар менен сүйлөшүп, өздөрү төлөп Кыргызстанга жетиши керек, — деди Жекшенкулов.