Жалал-Абаддын Арал айылында бала бакча курулат

Жалал-Абад облусунун Арал айылында бала бакча курулат.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, сынакты курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгынын облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

Бул максатка 42 миллион 640 миң сомдой сарптоо пландалууда.

Подрядчы өз кезегинде келишим түзүлгөн күндөн тартып 18 айдын ичинде 75 орундуу бала бакчанын имаратын куруп бериши керек.