Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,

кечээ түндө нөшөрлөп жааган жамгырдын улам суу ташкындап,

Токтогул көчөсүнүн 5 тилкесине кум-шагыл түшүп, жолду жаап калган.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн техникалар тартылып,

жол кыймылга толук ачылды. Ошондой эле 17 үйдүн короосуна суу толуп калды.

Тазалоо иштерин тургундар дагы жүргүзүүдө.

Жеринде жарандык коргоонун кызматкерлери иштеп жатат.