Өкмөт өлкөнүн айрым аймактарына кычкылтек концентраторун жөнөттү.
Республикалык штабдан билдиришкендей, Баткен жана Ысык-Көл облустары
30дан медициналык жабдууларга ээ болушту. Мындан тышкары облустарга
коргонуу костюмдары, пульсоксиметр жана беткаптар жеткирилди.
Аймактарга келген жардам райондорго муктаждыкка жараша бөлүштүрүлөт.