Өзгөндө ири жол кырсыгы 7 адамдын өмүрүн алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 3-февралга караган түнү Ош-Мырзаке жолунда “Lexus” үлгүсүндөгү унаа жол боюндагы электр мамысын сүзүп, өрттөнүп кеткен.
Андагы 7 адамдын баары тең жеринде каза тапты. Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.