Ош облусунда той өткөргөн ресторан ээлерине 80 миң сом айып салуу сунушталууда.
Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Облус башчысы Байыш Юсупов
тойкана ээлери эреже бузуу үчүн болгону 3 миң сом айып төлөп жатканына нааразы.
Облустук штабдын жыйынында администрациялык санкцияны 80 миң сомго чейин
жогорулатуу сунушталды. Чиновник белгилегендей, бардык сунуштар эске алынат.
Түшүндүрүү, эскертүү иштери күчөтүлөт.