Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда сел жүрдү.
Кечээ катуу жааган жаандан улам Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолуна
тоодон ылдый суу каптады. Жыйынтыгында трассанын 14-19-чакырым аралыгы сууга толуп,
жол жабылды. Мындан тышкары Терек-Сай айылындагы бир катар турак жайлардын
короолоруна суу толуп калды. Жеринде куткаруучулар иштеп жатат.
Тазалоо жумуштары бүгүн да уланууда.