Катуу жааган жаандан улам Боом капчыгайындагы трассаны сел каптады

Катуу жааган жаандан улам Боом капчыгайындагы трассаны сел каптады.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тоң районундагы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 145-чакырымында кокту-колоттордон

түшкөн жамгыр суулары жолду каптап, унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралган.

Жерине куткаруучу топ жана атайын техника тартылган. Ыкчам аракеттердин негизинде

жол кыймылга ачылып, унаалар учурда тоскоолдуксуз өтүп жатат. Белгилеп кетсек,

соцтармактарга тараган видеодон унаалардын тыгыны жаралып, машинелер артка кетүүгө аргасыз болгон.