Ош облусунун Маданият айылындагы жаңы мектеп майда пайдаланууга берилет

Ош облусунун Маданият айылындагы жаңы мектеп майда пайдаланууга берилет.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө курулуш иштери бүтүп,

аймакты жашылдандыруу жана жабдууларды орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

Объекти 225 орунга чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык баасы 890 миң долларды түзөт.

Сумма Сауд өнүктүрүү фондунан алынган насыянын эсебинен жүргүзүлдү.