Баткенде 200гө жакын турак жай сел коркунучунан корголууда

Баткенде 200гө жакын турак жай сел коркунучунан корголууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кадамжай районунун Охна айылында сел өтүүчү сайда коргоочу тосмону калыбына келтирүү иши жүрүп жатат.

 

Бостон, Гүзөр участкасында жүрүп жаткан курулуш иштери 1,5 метр тереңдикти камтыйт. Анын жыйынтыгы менен 180 турак үй, 4 чакырым ички чарбалык жол жана 190 гектар айыл чарба жер аянты сел кооптуулугунан коргоого алынат.