Мектеп бүтүрүүчүлөрүндө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн болгону 2 күн калды

Мектеп бүтүрүүчүлөрүндө жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу үчүн болгону 2 күн калды. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан эскертишкендей, 6-апрелде каттоо процесси жыйынтыкталат.

 

Абитуриенттер www.testing.kg сайтынан онлайн түрүндө же салттуу форматта катталса болот. Белгилеп кетүүчү нерсе – жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү тапшыруу милдеттүү.