Кыргызстандын Ош жана Өзбекстандын Андижан шаарларынын ортосундагы маршруттук каттам жанданды.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, каттам 9-сентябрдан тарта аткарыла баштады.
Эске салсак, 2019-жылы эки өлкө ортосундагы келишимдин негизинде Ош-Андижан каттамы ачылган.
Бирок 3-4 ай иштеп пандемияга байланыштуу токтоп калган.
Азыркы каттам күн сайын жүргүнчүлөрдү ташыйт.