Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды

Ош шаарында эки деңгээлдүү жол түйүнүн курууга даярдыктар башталды.

 

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, Монуев көчөсүн “Кыргыз көчү” аркасынан Масалиев проспектисине чейинки бөлүгүн реконструкциялоо жана Монуев, Шакиров, Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде транспорттук түйүн куруу пландалууда.

 

Учурда калк арасында түшүндүрүү, тоскоолдук жараткан объектилерди түрттүрүү иштери жүрүп жатат.