БШК шайлоочулардын бюллетендерин 22-мартка чейин бекитет.
Боршайкомдун маалыматына ылайык, бюллетендер 1-апрелге чейин даярдалып,
9-апрелге чейин шайлоо тилкелерине жеткирилет. БШКдан белгилешкендей, мекемеден
тышкары добуш бере тургандар арыздарын 8-апрелге чейин тапшырышы зарыл,
көчмө шайлоо тынчтык күнүндө 10-апрелде уюштурулат. Эске салсак,
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт.