Маморгандар электр лампаларын Майлуу-Суудагы заводдон сатып алат

Мамлекеттик органдар электр лампаларын Майлуу-Суудагы заводдон сатып алат.

Президенттин буйругуна ылайык, министрлер кабинети бир айдын ичинде уюмдарга тиешелүү талаптарды белгилеши керек.

Мамлекеттик үлүшү 50 жана андан ашык пайызды түзгөн органдарга да бул ишканадан товар сатып алуу сунушталат.

Мындай чаралар Майлуу-Суу лампа заводуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн жасалууда.