Кыргызстан муфтийи 5-апрелде шайланат.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине сегиз адам ат
салышууда, — дешти муфтияттын басма сөз кызматынан. Бул күнү Кыргызстан
мусулмандарынын кезектеги курултайы өтөт. Анда ошондой эле
Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.