Ошто №30-бала бакчага кошумча корпус курулат

Ошто №30-бала бакчага кошумча корпус курулат.

Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Жаңы имарат 100 орунду болот. Курулуш иштери 9 айда аякташы шарт.

Тендер түштүк калаа мэриясынын капиталдык курулуш башкармалгы тарабынан жарыяланды.

Багыттала турчу сумма 24,5 миллион сом. Белгилеп кетсек, сынакка катыша турган

компания буга чейин ушундай долбоорду ишке ашырган болушу зарыл.