Бишкекте азык-түлүктүн баасын негизсиз кымбаттаткан сатуу түйүндөрүнө айып салынды.
Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдиргендей,
соода түйүндөрүнө мониторинг жүргүзүлүп 4 административдик айып салынды.
Белгилеп кетсек, азык-түлүктү белгиленген баадан кымбат саткан жеке жактар
1 миң сом, юридикалык жактар 5 миң сом айып төлөөгө аргасыз болушат.