Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө быйыл дээрлик 40 миллиард сом багытталат

Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө быйыл дээрлик 40 миллиард сом багытталат.

 

Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат. Көрсөтүлгөн сумманын 26 миллиард 681 миллиону тышкы карыздан кутулууга, калганы ички бересеге сарпталат.

 

Бул карызды тейлөөгө багыттала турган рекорддук сумма болуп эсептелет. Ал эми 2020-жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 30 миллиард сом сарпталган.