Ошто ичүүчү сууну тазалоо боюнча 2 долбоор даярдалып жатат

Ошто ичүүчү сууну тазалоо боюнча 2 долбоор даярдалып жатат. Буга түштүк калаанын мэри Алмаз Мамбетов ишендирди. Анын айтымында, жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясындагы суу алуучу тосмону 2,5 чакырымга жылдыруу пландалууда.

 

Бул иш нөшөрлөп жааган жаан же суу ташкыны учурунда таза суу берүү маселесин 80 пайызга чечет.

 

Аталган долбоордун баасы 3 миллион доллар, ага гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтөт. Андан тышкары, сууну мембраналык тазалоо киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатат, — деди мэр.