“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында фермерлерге  3 миллиард 396 миллион сом берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында фермерлерге  3 миллиард 396 миллион сом берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

 

Белгилеп кетсек, ишкерлерге жана дыйкандарга 6 үстөк пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилип келет. Артыкчылык өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармактарына берилет.

 

Дыйкандардан кредит алууга арыз кабыл алуу уланууда.