Ордо калаада жылуулук азырынча өчүрүлбөйт

Ордо калаада жылуулук азырынча өчүрүлбөйт.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, күндүз аба ырайы жылуу болгону менен түнкүсүн шаарда суук сакталууда.

Эске салсак, борбордо жылуулук берүү абанын орточо температурасы бир нече күн катары менен 8 градустан төмөн түшпөгөндө токтойт.

Синоптиктердин маалыматына караганда, Бишкекте жакынкы 10 күндө суук күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 4 градустан +10 градуска чейин өзгөрүп, күндүз 3 градустан 24 градуска чейин жылыйт.