Төө-Ашууда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Төө-Ашуудагы туннель бүгүнтөн тарта маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылды.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, мындай чектөө 18-июлга чейин уланат. Ага ылайык, жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болот.

 

Мунун себеби Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу.