Ошто коомдук транспорт аялдамалары иретке келтирилди. Масалиев, Ленин, Курманжан датка, Гапар Айтиев көчөлөрүндөгү жана Амир-Тимур, Туран кичи райондорундагы аялдама түйүндөрү жыйнап-тазаланды.
Белгилеп кетсек, Ош шаарында жалпысынан 200 аялдама бар. Аларды иретке келтирүүгө жергиликтүү тургундар дагы катышты.