Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр

Перс булуңунун өлкөлөрү Кыргызстан жарандарын ишке алууга даяр. Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, кеп Сауд Арабиясы, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Иордания, Катар жана Кувейт мамлекеттеринде мыйзамдуу ишке орношуу тууралуу болуп жатат.

 

Министрлик менен жеке компания ортосунда келишим түзүлдү.

 

Аталган өлкөлөр 800дөн ашык вакансия сунуштады. Кененирээк маалыматты Жарандарды чет мамлекетте ишке орноштуруу борборунан алса болот.