Оштогу Алишер Навои эс алуу жайында шаардыктар үчүн жаңы эс алуу аймагы курулууда. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, бул жерде амфитеатр, памп-трек, скейт-парк, воркаут, балдар ойноочу аянтчалары, сейилдөө үчүн жайлар, оргумалар курулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Долбоорду толугу менен пайдаланууга берүү 2024-жылдын сентябрь айына каралган.