ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал жарыялоого негиз жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

 

Анын айтымында, турак үйлөрдө температура сакталууда. Үйлөрдөгү температура өмүргө коркунуч туудурган деңгээлге түшпөйт, — деди министр.

 

Эске салсак, бүгүн таңкы саат 3төр чамасында Бишкек ЖЭБинде авария болду. Анын кесепетинен беш кызматкер жаракат алып, ооруканага түшкөнү кабарланды. Алардын экөөсү оор абалда экени айтылууда. Кырсыктын себептери азырынча айтыла элек.

 

Учурда ЖЭБдин аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.