Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында мониторинг борборунун имараты даярдалды

Бишкекте “Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабынын алкагында мониторинг

борборунун имараты даярдалды. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей,

борбор керектүү жабдуулар менен камсыздалат. Камерадагы маалыматтар борборго түз берилет.

Операторлор унааларга жана жөө адамдарга, унаа ылдамдыгын, жол чырактын

белгилерин сактоого, туура эмес жерге токтотулган унааларга байкоо салат.