Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда

Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун Талдык жана Тоң-Мурун ашууларында кар жаап, бороон болууда.

 

Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда жеринде атайын техникалар тынымсыз иш алып барып жатат.

 

Ведомстводон белгилешкендей, айдоочулар алыс жолго чыгардын алдында аба ырайынын шартын эске алуу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүсү зарыл.