Пакистанда 110 жаштагы аксакал үйлөндү

Пакистанда 110 жаштагы аксакал үйлөндү.

 

Ал өзүнөн эки эсе кичүү, 55 жаштагы аялга баш кошту. Өзгөчө үлпөт той өлкөнүн батыш аймагында өттү. Абдул Ханан Свати 12 баланын атасы, ал муну менен төртүнчү ирет үйлөнүүдө.

 

Анын үй-бүлөсү балдарын, небере-чөбөрөлөрүн кошкондо 84 адамдан турат. Кызыгы, 110 жаштагы карыя бул ирет дагы бардык салттарды кармануу менен, колуктунун үй-бүлөсүнө калың берүү менен баш кошту.