Тейлор Свифт “American Music Awards” музыкалык сыйлыгынын статуэткасын 6-ирет жеңип алды

Тейлор Свифт “American Music Awards” музыкалык сыйлыгынын статуэткасын 6-ирет жеңип алды. 30 жаштагы ырчы ушуну менен 30-статуэткасын алып,  24 статуэткасы бар Майкл Жексондун рекордун жаңылады.

 

Өткөн жылы “Forbes” журналы Тейлор Свифтти дүйнөдөгү эң көп акча тапкан ырчы деп атаган. Анын бир жылдык кирешеси 185 миллион долларды түзөт.