Испания тургуну Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жөө баратат

Испания тургуну Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жөө баратат.

 

Сантьяго Санчес жана анын арабасы 10 айдан бери жолдо. Ал сапарын Мадридде баштап, учурда Иракка жетип калды.

 

Сулеймания шаарында аны чыныгы баатыр катары тосуп алышты. Айрымдары жөн эле аны менен учурашайын деп күтүп турса, кээ бирлери суусундуктар менен тосуп турду. Санчес күнүн 15тен 30 чакырымга чейин басат. Эркек рекорд орнотууну көздөбөйт, ал болгону каалоо болсо, ага бардык жол менен жетсе боло турганын көрсөткүсү келет.