Памирлик кыргыздарга үй курууга 10 миллион сом бөлүндү

Памирлик кыргыздарга үй курууга 10 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, жалпысынан Чоң-Алай районунда Памирден көчүрүлүп келген этникалык кыргыздар үчүн 95 турак-жай куруу пландалды.

 

Бул максатта Бурган-Суу айылында 60 гектар жер бөлүнүп, генералдык план түзүлдү.