Криштиану Роналду инстаграмдагы катталуучуларынын саны боюнча абсолюттук рекорд орнотту

Криштиану Роналду инстаграмдагы катталуучуларынын саны боюнча абсолюттук рекорд орнотту.

 

Португалия курамасынын жана “Манчестер Юнайтеддин” форвардына катталгандардын саны 500 миллионго жетти.

 

Экинчи орунда 377 миллион катталуучусу менен Лионель Месси турат, рекордчулардын үчилтигин америкалык модель Кайли Дженнер бекитет. Ага 372 миллион адам жазылган. Андан кийинки орунда ырчы Селена Гомес – 358 миллион, актер Дуэйн Джонсон – 348 миллион жана ырчы Ариана Гранде 340 миллион катталуучусу менен жайгашат.